Боролдой айылы таза суу менен толук камсыз болду

2023-ж. 30-май күнү Чүй облусунун Кемин районундагы Боролдой айылында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин, Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия аймагы боюнча Вице-президенти Антонелла Бассани айым, суу ресурстары боюнча глобалдык директору Сародж Кумар Джа, Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин жана жергиликтүү бийлик органдарынын делегациясынын катышуусунда ичүүчү суу менен камсыздоо тутумунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Аткарылган иштин алкагында долбоордук-сметалык документтер иштелип чыгып, анын негизинде толук кандуу суу менен камсыздоо системасы үчүн бир катар маанилүү инфраструктуралык курулуштарды куруу жана реабилитациялоо боюнча техникалык чечимдер кабыл алынган. Андан ары 2021-ж. 4-августунда курулуш-монтаждоо иштери башталган. Ичүүчү суу менен камсыз болгон калктын жалпы саны 2163 адамды түзөт.

Аткарылган иштердин тизмеси:

Суу алуучу аянтча:

  • Колдонуудагы 2 скважинаны 140-145 м тереңдикте реабилитациялоо.
  • 2 жаңы 22м3 / саат тереңдик насосторун орнотуу.
  • Дарбазанын имаратын куруу.
  • Суу тосмосун куруу.

Суу мунарасынын аянтчасы:

  • 50 м3 суу мунарасын куруу.
  • Бактерициддик орнотуу менен зыянсыздандыруу имаратын куруу.
  • Көзөмөл-өткөрүү пунктунан дарбазанын имаратын куруу.
  • Суу мунарасынын аянтчасынын тосмосун куруу.

Суу берүү жана бөлүштүрүү тармагы (жалпы узундугу 14 639 м)

  • Суу өткөргүч -1200 м.
  • Бөлүштүрүү тармак: 13,439 м.

Бөлүштүрүүчү кудуктардын саны 161 бирдик.

31 Май 2023 жыл 10:53

Тема боюнча