Бостериде ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн көргөзмөсү өтүүдө

Бүгүн, 28-майда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин аймак жетекчилеринин V форуму жана боордош шаарлардын башчыларынын жолугушуусунун алкагында Ысык-Көл облусунун Бостери айылында ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн көргөзмөсү өтүүдө.

Иш-чара «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору тарабынан уюштурулууда.

Көргөзмөгө 40тан ашык ата мекендик компаниялар катышып, өз продукцияларын сунуштоодо.

Анда Кыргызстанда өндүрүлгөн продукциялар көрсөтүлүп, өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрү жана улуттук бизнестин потенциалы тааныштырылып жатат.

Иш-чара ШКУга мүчө мамлекеттердин аймактары менен компанияларынын ортосунда жаңы экспорттук байланыштарды түзүүгө жана өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган.

28 Май 2026 жыл 13:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча