БРИКС 2024: Кыргызстандын жеңил атлетика курамасы 3-орунду ээледи

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасы Татарстандын Казань шаарында өтүп жаткан БРИКС эл аралык спорттук оюндарында 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Белгиленгендей, улуттук курама командасынын мүчөлөрү Иван Курицин, Майсал Мукумбек уулу, Мусулман Жоламанов жана Руслан Литовский аталган оюндарда 4х400 м аралыкка чуркап, 3-орунду ээлешти.

Курама команда машыктыруучулар Алмазбек Казыбеков, Фарид Усманов, Алексей Педен, Куштарбек Таштанбеков жана Анастасия Царёва жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

18 Июнь 2024 жыл 9:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча