БРИКС 2024: Самбочу Аманкулова коло медалга ээ болду

Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Канышай Аманкулова БРИКС эл аралык спорттук оюндарында коло медалга ээ болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдештер 12-июндан 25-июнга чейин Татарстандын Казань шаарында өтүп жатат.

Мелдешке кыргыз спортчусу 50 кг чейинки салмакта катышкан. Биринчи айлампада россиялык София Емелюковадан жеңилүү ызасын тартып калган. Бирок атаандашы финалга чыккандыгына байланыштуу 3-орун үчүн беттешүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Анда вьетнамдык спортучуну утуп, коло байгенин ээси болду.

14 Июнь 2024 жыл 11:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча