Бул аптада бишкектиктерди кандай аба ырайы күтөт?

Бишкекте алдыдагы жумада абанын температурасынын төмөндөшү жана кыска мөөнөттүү кар жаашы күтүлөт.

Алсак, 26-январда күндүз күн ачык болуп, ала-булут каптап турат. Абанын температурасы +2…+4 градус, ал эми түнкүсүн – 3…–5 градуска чейин суук болот.

27-январда, түнкүсүн температура –2…– 4 градуска чейин төмөндөйт, күндүз +1…+3 градус жылуу болот. Жаан-чачын күтүлбөйт.

28-январда кар жаашы мүмкүн. Түнкүсүн –2…– 4 градус, күндүз 0…– 2 градус суук болот.

29-январдан 31-январга чейин жаан-чачынсыз туруктуу суук аба ырайы күтүлөт. Түнкү температура – 4…– 8 градус аралыгында өзгөрүп турса, күндүз аба –1…+1 градуска чейин жылыйт.

1-февралда күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Температура түнкүсүн – 4…–6 градус, күндүз 0…– 2 градус тегерегинде болот.

Борбор калаанын тургундарына жана конокторуна жол жүрүүнү пландаштырууда аба ырайынын шарттарын эске алуу жана температуранын төмөндөшүнө байланыштуу сактык чараларын көрүү сунушталат.

26 Январь 2026 жыл 16:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча