Быйыл «Ала-Тоо» аянтында жаңы жылдык майрамдык салют атылбай турганын Бишкектин мэриясы билдирди.
Буга чейин Жаратылыш ресурстары, экология министрлиги кыргызстандыктарды жаңы жылдык салюттардан баш тартууга чакырган. Мекеме фейерверк жана пиротехника абаны булгап, таштандыга айланарын айтууда.
Эске салсак, 2021-2022-жылдары жаңы жыл майрамында салют атылган эмес. 2022-жылы мэрия экологиялык абалдын начарлашына байланыштуу Жаңы жылдык салюттан баш тарткан.
Ал эми 2023-жылды тосуп алууда майрамдык салютка 755 миң сом сарпталган. Былтыр мэрия Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин сунушун колдоп, Ала-Тоо аянтындагы жаңы жылдык майрамда түстүү фейерверктер — салют атылбай турганын билдирди.