Быйыл Бишкек шаарынын жаңы Башкы планы расмий түрдө бекитилет. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев 12-февралдагы коллегияда билдирди.
Шаар башчысынын айтымында, Башкы план Бишкекти иреттүү өнүктүрүүгө, заманбап шаар куруу саясатын калыптандырууга, жашоого ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө, ошондой эле шаар тургундарынын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган.
“Өткөн жыл ичинде шаарды өнүктүрүүнүн ар кыл багыттары боюнча комплекстүү изилдөөлөр жүргүзүлдү. Мамлекеттик органдардын жана тармактык эксперттердин катышуусунда 25 иш жолугушуусу уюштурулду. Ошондой эле 500дөн ашуун тургун катышкан коомдук угуу өткөрүлүп, анын жыйынтыгында 729 кайрылуу жана сунуш түштү”,-деди мэр.
Белгиленгендей, башкы планды кабыл алуу борбор калаанын 2050-жылга чейинки узак мөөнөттүү өнүгүүсү үчүн стратегиялык негиз болуп калат.