Быйыл Кыргызстандан Кытайга 10 миң тоннага чейин гилас экспорттолушу күтүлүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде гилас өндүрүүчүлөр жана экспорттоочулар менен жумушчу жолугушуу өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, жыйында гиласты өстүрүү, түшүм жыйноо, калибрдөө, ташуу, зыянкечтерден жана илдеттерден коргоо чаралары боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Анын жыйынтыгында быйылкы жылы Кыргызстандан Кытайга 10 миң тоннага чейин гиласты экспорттоо пландалып жатканы айтылды.

10 Май 2024 жыл 16:21
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча