Быйыл өлкө боюнча 170 миң бала 1-класска барат

Быйыл өлкө боюнча болжол менен 170 миң бала 1-класска барат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. 

Ведомствонун маалыматына ылайык, 1-класска баруучу балдардын акыркы саны электрондук каттоодон өткөндөн кийин аныкталат.

Кошумчалай кетсек, Бишкек шаарында болжол менен 25 миң бала 1-класска барат деп күтүлүүдө. Былтыр бул көрсөткүч 18 миңди түзгөн.

25 Май 2026 жыл 9:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча