Аймактарды текшерүү учурунда 241 айыл өкмөтүндө 1,8 млрд сомдук, ал эми 16 шаарда 1 млрд сомдон ашык мыйзам бузуу аныкталган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитетинин жыйынында Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов 2025-жыл боюнча отчёт берип жатып билдирди.
Төрага белгилегендей, Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо, облустук маанидеги 12 шаарда жана райондук маанидеги 4 шаарда аудит жүргүзүлгөн. Алардын катарында Каракол, Нарын, Токмок, Кара-Балта, Жалал-Абад жана башка шаарлар бар.
«Аудиттин жыйынтыгында мамлекетке кайтарылууга тийиш болгон 1 млрд 77,9 млн сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. Анын ичинен 676,3 млн сом, же 62,7 пайызы мамлекетке кайтарылган. Мындан тышкары, шаарлар боюнча 90,9 млн сом өлчөмүндөгү ички резервдер жана жоготуулар аныкталган.
Ал эми 241 айыл өкмөттөгү түшүндүрүү жана калыбына келтирүү иштеринин натыйжасында, жалпы 1 861,8 млн сомдук бузуулардын 1 407,8 млн сому (75,6 пайызы) жергиликтүү бюджеттерге кайтарылган. Айыл өкмөттөрүндө аныкталган резервдер менен жоготуулардын көлөмү 241,5 млн сомду түзгөн», — деп белгиледи Акматов.