Чүй облустук бириккен ооруканасына Эрнст Акрамовдун ысымы ыйгарылды

Чүй облустук бириккен ооруканасына профессор Эрнст Акрамовдун ысымы ыйгарылды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, Эрнст Хашимович Акрамовдун хирургиянын өнүгүшүнө таасирин тийгизген хирургиялык практиканы жана дарылоонун инновациялык ыкмаларын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана жетишкендиктери белгиленди.

“Анын тажрыйбасы жана жөндөмү медициналык практикада кесипкөйлүктүн жана жогорку сапаттын үлгүсү боло алат», — деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: Чечим министрлер кабинетинин алдындагы Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын чечиминин негизинде Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен кабыл алынган.

11 Июль 2023 жыл 13:53

Тема боюнча