Чүй облустук соту Алга Кылычовду 10 жылга абакка кесүү өкүмүн күчүндө калтырды

25-сентябрда Чүй облустук соту КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычовду 10 жылга абакка кесүү тууралуу Аламүдүн райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Алга Кылычовдун адвокаты Жанат Гүлжигитов кабарлап, облустук соттун чечимине каршы эми Жогорку сотко апелляциялык арыз берерин айтты.

Алга Кылычов 21-июнда Аламүдүн райондук сотунун өкүмү менен 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 жылга кесилген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 2017-жылкы редакциясындагы “Барымтага алуу” жана “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” беренелери менен айып коюлган.

Бул чечимге каршы адвокат Жанат Гүлжигитов Чүй облустук сотуна кайрылган.

Кой-Таш окуясы боюнча сот иши 2022-жылдан бери уланууда. Ишти негизинен Биринчи май райондук соту карайт. Алга Кылычовдун иши өзүнчө бөлүнүп, Аламүдүн райондук сотуна өткөн.

25 Сентябрь 2024 жыл 14:35

Тема боюнча