Чүйдө чогуу жашаган аялды өлтүрүүгө шектелип изделип жаткан жаран кармалды

Чүйдө чогуу жашаган аялды өлтүрүүгө шектелип изделип жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

2-мартта милицияга Сокулук районунда 1975-жылы туулган аялдын киши колдуу болгону тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты каттоого алынып, адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары бир нече жолу соттолгон 1975-жылы туулган жаран аныкталган. Ал из жашырып кеткен.

15-апрелде милиция кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн жаран Ысык-Көл облусунда табылып, кармалган. Учурда тергөө иштери уланууда.

17 Апрель 2024 жыл 9:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча