Чүйдөгү Кошой – Алчалуу – Кызыл-Аскер унаа жолу асфальталууда

Чүй облусунун Чүй районундагы Алчалуу айылында жайгашкан Кошой–Алчалуу–Кызыл-Аскер унаа жолунда асфальт-бетон төшөө иштери башталды. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган унаа жолдун жалпы узундугу 13 чакырымды түзөт.

«Учурда 5,7–6,6-чакырым аралыгында жол катмары жаңыланууда. Быйылкы жылга 2 чакырым жолго асфальт төшөө мерчемделген», — деп айтылат маалыматта.

3 Апрель 2026 жыл 9:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча