Чүйдө өспүрүмдү сүзүп өлтүрүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Чүй облусунда жол кырсыгын жасап, окуя болгон жерден качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы Башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-январь күнү Бишкек–Торугарт унаа жолунда оор жүк ташуучу унаа жол жээгинде велосипед менен бараткан 16 жаштагы өспүрүмдү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2010-жылы туулган Н.А. аттуу өспүрүм каза болгон.

ЖКККББнын ыкчам издөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары SHACMAN үлгүсүндөгү унаанын 30 жаштагы айдоочусу Р.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

2 Январь 2026 жыл 15:56
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча