Чүйдө жол кырсыгы катталып, эки адам каза тапты

Чүйдө жол кырсыгы катталып, эки адам каза тапты. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-март күнү болжол менен саат 16:30дар чамасында “Бишкек — Нарын — Торугарт” айланма унаа жолунун 100-чакырымынан “Хендай Саната” LF үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу чыгыштан батышты карай баратып “Нисан Сирена” унаасын ашып өтүп, карама- каршы тилкеде келе жаткан “Ауди С4” үлгүсүндөгү унаа менен кагылышкан.

Натыйжада “Ауди С4” унаасынын 68 жаштагы жүргүнчүсү алган жаракаттарынан улам окуяга болгон жерде каза болгон. Ал эми аталган унаанын 75 жаштагы айдоочусу аймактык ооруканга жетпей жолдон көз жумган.

”Хендей Саната” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү болсо, Кемин районун аймактык ооруканасына жеткирилген

2 Март 2026 жыл 12:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча