№5 Ноокат, №29 Свердлов жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди каттоо аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 8-июнда кабарлады.
Үч округдан жалпы 29 талапкер ат салышат. Алардын экөө аялдар. Жалпы 44 талапкер арыз берип, алардын 12си катышуудан баш тартты. Эки талапкерди БШК каттаган эмес.
10-июндан тартып шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат, 29-июнь, таңкы саат 8:00дө аяктайт. Шайлоо 30-июнда өтөт.