Соңку үч жылда 60 өнөр жай ишканасы ишке берилип, 77 миңден ашуун жаңы жумуш орундары түзүлдү. Бул тууралуу экомика министри Данияр Амангелдиев 20-декабрдагы маалымат жыйында билдирди. Министрдин айтымында, соңку беш жылда Кыргызстандын өнөр жай өнүмүнүн көлөмү 1,7 эсеге өскөн. Инвестициялык портфель дээрлик 1 млрд долларды түзгөн.
«Жаңы өнөр жай объектилери жеңил өнөр жай, энергетика, айыл чарба продуктуларын кайра иштетүү, курулуш материалдарын жана фармацевтикалык каражаттарды өндүрүү тармагында ачылды», — деди министр.
Маалыматка караганда, 2023-жылдын 11 айында экономиканын өсүү темпи 1,8% түзүп, өнөр жай продукциясынын көлөмү 428,2 млрд сомго жетти.
Министр 2022-жылы жумушсуздук деңгээли 5,3% түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 1,7% төмөндөгөнүн айтты.