Чаткалда изделип жаткан алты кишинин бирөөсүнүн сөөгү табылды

Чаткалда изделип жаткан алты кишинин бирөөсүнүн сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар 46 жаштагы кишинин сөгүн таап, учак менен штабга алып келинген.

Эске салсак, 9-октябрда 14 адам дары чөптүн (эндиктин) тамырын казып алуу үчүн тоого чыгып кетип, ошол боюнча байланышка чыкпай калышкан. ӨКМдин райондогу бөлүмүнүн кызматкерлери издөөгө чыгып, сегиз киши аман-эсен табылган. Алтоо кар көчкүнүн алдында калганы айтылган. Бүгүн аларды издөөгө ӨКМдин тик учагы тартылган болчу.

18 Октябрь 2024 жыл 14:56
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча