Чаткалда күчү 4,5 баллга жеткен силкинүү катталды

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 19-июнь күнү саат 18:09да очогунда 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматында, силкинүүнүн очогу Терек-Сай кыштагынан 15 чакырым, Ала-Бука айылынан 29 чакырым, Кербен айылынан 45 чакырым аралыкта болгон.

Чаткал районунун Терек-Сай, Бузук айылдарында силкинүүнүн күчү 4,5 балл, Ала-Бука районунун Сары-Талаа, Ала-Бука айылдарында жана Аксы районунун Кашка-Суу айылында, Чаткалдын Кызыл-Токой, Айгыр-Жал айылдарында 4 балл, Кербен, Жерге-Тал, Достук, Ак-Коргон, Сумсар айылдарында үч баллды түздү.

Баштапкы маалыматтарга караганда, жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар жок.

20 Июнь 2024 жыл 9:53
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча