Чек ара кызматы Ысык-Көлдө учкучсуз учактын кулашы боюнча комментарий берди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Ысык-Көлдөгү учкучсуз учактын кулашы боюнча камментарий берди.

Ведомствонун маалыматына караганда, бүгүн Балыкчы шаарындагы полигондо жаңы типтеги тактикалык кичи-дрондун окуу сыноолору жүргүзүлүп, ал Тамчы аэропортуна конордо жерге кулап түшүп, өрт чыгып, белгилүү чекке жеткен эмес.

Кичи дрондун кулоосунан эч ким жабыркаган эмес. Азыркы учурда аэропорттун кичи-дрон кулаган аймагын калдыктардан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Сыноочулар тобу кулоонун себептерин иликтейт.

14 Август 2024 жыл 14:48
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча