«Чекит коюлду». Жапаров Шамбесайда алтын казылбай турганын айтты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Шамбесай кенинен алтын казылбай турганын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 20-июнда Кадамжай районунда, жергиликтүү тургундар менен жолугушкан учурда билдирди.

«Мен Шамбесай кенин мыйзамдуу болсо, зыяны жок болсо казсаңар болот деп айткан элем. Мен өз көзүм менен көрдүм. Казса болбойт экен. Бул маселеге чекит койдук. Эми бул теманы унуталы», — деди Жапаров.

Кадамжайдагы Шамбесай кенин иштетүүгө жергиликтүү тургундар каршы чыгып келишкен. Алар кен ишке кирсе, аймактагы Исфайрам суусу булганарын жана башка экологиялык маселелер чыгарын айтышкан.

20 Июнь 2024 жыл 11:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча