Чоң-Алайда жол кырсыгы 3 адамдын өмүрүн алып кетти

Кечээ, 18-июнь күнү, Чоң-Алайда болгон жол кырсыгы үч адамдын өмүрүн алды. Анда Daewoo Nexia менен Mercedes-Benz Sprinter кагышканын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматта жеңил унаа микроавтобус менен сүзүшкөндөн кийин экиге бөлүнүп кеткени айтылат. Каргашадан Daewoo үлгүсүндөгү унаанын 22 жаштагы айдоочусу менен эки жүргүнчүсү көз жумган. Бусту 46 жаштагы киши айдап бара жатканы белгилүү болду.

«Азыркы учурда автоунаалар айып короого киргизилип, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

19 Июнь 2024 жыл 11:11
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча