Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиев тууралуу көркөм тасма тартуу үчүн мыкты сценарийге сынак жарыяланды
Буга чейин фильм тууралуу маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. Анда Камчыбек Ташиев канча каражат болсо, таап берерин айтып, Маданият министрлигине маселени чечүүнү тапшырган.
Чолпонбай Түлөбердиев 1941-жылы сентябрь айында 19 жашында аскерге чакырылып, согушка кирген. 1942-жылы 6-августта Россиянын Воронеж облусундагы Селявный кыштагын бошотууда душмандын ДЗОТунун амбразурасын денеси менен жаап, 20 жашында баатырдык менен курман болгон. Мындай эрдиги үчүн Түлөбердиевге 1943-жылы 4-февралда Советтер Союзунун баатыры деген наам берилген.