Чолпонбай Түлөбердиевдин музейин жаңылаганга «Альянс Алтын» каражат бөлгөн

Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин музейин жаңылаганга «Альянс Алтын» компаниясы 6,5 млн сомдон ашык каражат бөлгөн

Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиев мындан туура 101 жыл мурда жарык дүйнөгө келген. Анын Улуу Ата Мекендик согуш учурунда көрсөткөн эрдиги бүткүл Союздун ичинде легендага айланган. Биз баарыбыз билгендей, Чолпонбай ок чачкан дзотту көкүрөгү менен тосуп, баатырларча курман болгон.

«Альянс Алтын» компаниясы Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин музейинин чатырын алмаштырганга 1,5 млн ал эми ички дизайнын өзгөртүүгө 5 млн сом каражат бөлгөн.

Аталган музей Талас облусунун, Айтматов районуна караштуу Чымкент айылында жайгашкан.

15 Январь 2024 жыл 18:51

Тема боюнча