Чыңгыз Айтматовдун иниси Ильгиз Айтматов дүйнөдөн кайтты

Бүгүн эртең менен Ильгиз Төрөкулович 93 жаш курагында дүйнө салды.

Ал геологиялык чалгындоо жана пайдалуу кендерди казып алуу тармагында илимий изилдөөчү жана окумуштуу болчу.

Ильгиз Төрөкулович Чыңгыз Айтматовдун иниси эле. Ал 200дөн ашык илимий эмгектердин, 15 ашык ойлоп табуунун жана бир илимий ачылыштын автору.

Bia.kg редакциясы маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

27 Август 2024 жыл 9:34
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча