Дүйнө чемпионаты (U-23): Балбан Орозобек Токтомамбетов алтын үчүн күрөшөт

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Орозобек Токтомамбетов Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу 74 кг чейинки салмакта катышууда. Алгач 1/8 финалдык беттеште азербайжандык Джабраил Гаджиевди 4:1 эсебинде жеңип чейрек финалга чыкты.

1/4 финалдык беттеште түркиянын балбанын 11:0 эсебинде, жарым финалдык беттеште россиялык Исмил Ханиевди 1:1 эсебинде утуп, финалга чыкты.

Алтын медаль үчүн беттеште кыргыз балбаны япониялык спортчу Кота Такахаши менен кез келет.

26 Октябрь 2024 жыл 14:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча