«Дүйнө сулуусу — 2026» наамына Доминикан Республикасынын өкүлү ээ болду.
Сынактын финалы Вьетнамдын Нячанг курорттук шаарында өтүп, ага улуттук сынактардын 111 жеңүүчүсү келген. Салтанаттуу азем борбордук пляждын жанында, 20 миңден ашык көрүүчүгө ылайыкташтырылган ачык асман алдындагы аянтчада өттү.
24 жаштагы Джохейри Мола сынактын жеңүүчүсү аталды. Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, бойдок бойдон калган бийкеч моделдик бизнесте жана журналистикада карьерасын куруп, ошол эле учурда адабият жана коомдук илимдер мугалими болуп иштейт.

Уюштуруучулар белгилегендей, Доминикана мурунку ийгилигинен 44 жыл өткөндөн кийин «Дүйнө сулуусу» таажысын кайрадан багындырды: 1982-жылы жеңүүчү таажысын Мариасела Альварес алган болчу.
Сынактын биринчи вице-мисси Испаниядан келген Элизабет Рейнес, ал эми экинчи вице-мисс наамы Малайзиялык Таанусия Четтиге буйруду.