Дамирбек Давлянов Манас шаарынын мэринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Тиешелүү буйрукка шаар мэри Абдупата Маткаликов кол койду.
Дамирбек Давлянов жогорку билимдүү, Ички иштер министрлигинин Академиясын «юриспруденция» адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган.
Ал эмгек жолунда бир катар жооптуу кызматтарды аркалап келген. Акыркы иштеген жери — КИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын башкармалыгынын башчысы.
Давлянов «Бишкек шаарынын ардактуу атуулу», «Милициянын отличниги» жана «Кылмыш иликтөө кызматынын отличниги» сыяктуу бир катар мамлекеттик жана тармактык сыйлыктардын ээси.
Эске салсак, буга чейин бул кызматты аркалап келген Кубанычбек Иманалиев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганына байланыштуу ээлеген ордунан бошотулган.