Дарыгер: «Таштанды челектен табылган ымыркай азият түспөлүндө, ай-күнүнө жетип төрөлгөн»

Бишкекте таштанды челектен жаңы төрөлгөн ымыркай табылган. Бул тууралуу Октябрь РИИБден маалымат беришип,  8-ноябрда Бишкек ШИИБдин «102» кызматына саат 23:30 чамасында чалуу түшкөнүн, Элебаев көчөсүндөгү таштанды челекте ымыркай жаткандыгы айтылганын билдиришкен.

Бишкектеги 1-төрөт үйүнүн башкы дарыгеринин орун басары СЕРЕП МЕДИА редакциясына баланын абалы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, ташталган ымыркай эркек бала. Жаңы төрөлгөн ымыркайдын дене табы 37 градус болушу керек болсо, аныкы 28 градус менен төрөтканага жеткирилген. “Денесинде эч жаракат жок. Дагы жакшы үстүнө катуу нерсе ыргытышкан эмес. Бирок балким башы катуу тийип калды. Алар текшерилет. Биз анын абалы жакшы болгондо 3-балдар ооруканасына которобуз, калганы социалдык кызматкерлердин иши болот. Бала азият түспөлүндө, ай-күнүнө жетип төрөлгөн”,- деди ал.

10 Ноябрь 2023 жыл 9:00
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча