Дене тарбия жана спорт агенттигинде финансылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын жарыялады.

Мекемеден билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө мекемеде финансылык тартип жана бюджеттик каражаттарды көзөмөлдөө жетишсиз экени аныкталган.

Маалыматка ылайык, 2024-жыл ичинде жалпысынан 4 миллион 416,4 миң сомдук финансылык мыйзам бузуулар табылган. Анын ичинен 1 миллион 234,4 миң сому мамлекетке кайтарылууга тийиш болсо, текшерүү учурунда анын 462,2 миң сому калыбына келтирилди.

Эң ири каржылык мыйзам бузуулар төмөнкү багыттарда катталган:

  • Мыйзамда каралбаган ашыкча төлөмдөр (эмгек акы) — 2,7 млн сом;
  • Иш сапарлар: Ашыкча төлөнгөн чыгымдар — 1,2 млн сом;
  • Тиешелүү кагаздары жок жумшалган каражаттар — 485,7 миң сом.

Мындан тышкары, бухгалтердик эсеп жана мамлекеттик сатып алуулардагы катачылыктардан улам 25,3 миллион сомдук жол-жоболук бузуулар катталган.

«Айрым активдер эсепке алынбаганы, дебитордук жана кредитордук карыздар толук чагылдырылбаганы, ошондой эле коммуналдык чыгымдар боюнча лимиттен ашык пайдалануу фактылары аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда Эсептөө палатасы тарабынан тиешелүү тапшырмалар берилип, аныкталган кемчиликтерди тез арада жоюу жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу талабы коюлду.

27 Март 2026 жыл 18:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча