“Дени сак болуу — мода” жүрүшү өттү

Бүгүн, 18-майда Бишкек шаарында “Дени сак болуу– мода” ураанынын алдында жаштар арасында баңги заттарга каршы жүрүшү өттү.

Жүрүш Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынан башталып, Турдакун Усубалиев атындагы аянтта аяктады. Акцияга жалпысынан 1 миңден ашуун адам катышты.

Акциянын катышуучулары жаштар арасындагы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү көйгөйүнө көңүл буруу жана бул терс көрүнүш менен күрөшүү боюнча коомдук кыймылды активдештирүү маанилүү экенин белгилешти.

Жүрүштүн соңунда кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа тартууланды.

18 Май 2024 жыл 16:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча