Депутат 2025-жылды ыш менен күрөшүү жылы деп жарыялоону сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Кыргызстанда 2025-жылды ыш менен күрөшүү жылы деп жарыялоо сунушун берди.

Мындай демилгени депутат парламенттин 27-ноябрдагы жыйынында көтөрдү. Ал ыштан улам адамдар илдетке чалдыгып жатканын айтып, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди маселени чечүү үчүн мамлекеттик деңгээлде көтөрүү керектигин билдирди.

“Бишкектеги ыштан дем ала албайсың. Сиз Коопсуздук кеңешинде, массалык маалымат каражаттарында маселе көтөрсөңүз. Элдин ден соолугу деп Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги болуп иш-чара уюштурганыңарды уккан жокмун. Ушул ыштын айынан эмне деген гана оорулар чыгып атат”, – деди ал.

Дүйнөдөгү абанын сапатын иликтеген IQAir сайтынын ноябрь айындагы индексинде Бишкек абасы таза эмес шаарлардын катарына кирди.

27 Ноябрь 2024 жыл 16:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча