Депутат: Эмнеге мугалимди шылдыңдаган адамды 1000 сом айып менен чыгарып жибердиңер?

Парламенттин 13-ноябрдагы жыйынында депутат Жанарбек Акаев Бишкек шаарындагы №57 мектепте мугалимди тилдеген аялга 1000 сом айып салынганын айтып, сындады. Акаевдин белгилешинче, ал мугалим менен сүйлөшкөндө мектепке иштебей турганын айткан. Депутат мындай окуялар коомдо мугалимдердин кадыр-баркын түшүрөт дейт.

“Эмнеге мугалимге орой мамиле кылып, шылдыңдаган адамды болгону миң сом айып пул менен чыгарып жибердиңер? Аны жазага тартып, коомчулукка көрсөтүшүңөр керек болчу. Миңдеген мугалимдердин духу түшүп калды. Билим берүү министрлигин маалыматында Бишкекте эле 500 мугалим жетишпейт. Ушундай боло берсе мугалимдер мектепке келеби? Күч органдары адатта жөнөкөй адамдарды кечирим суратып, жүзүн чыгарып, дароо камакка алып жатпайсыңарбы. Эмнеге кош стандарт мамиле болду? Ал мугалимге телефон чалып сүйлөштүм. Ал “мындай мазактоону көтөрө албайм, болду мектепке иштебейм”, — деп жатат. Аны кайра мектепке кайтаруу аракетин кылуу керек»,-деди депутат.

9-ноябрда Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматы мугалимди тилдеген аялга чара көрүү үчүн Укук бузуулар кодексинин 102/1-беренеси (“Педагогикалык кызматкерге карата сыйлабагандыкты көрсөтүү”) менен иш-материалдарды сотко жөнөткөнүн билдирген.

13 Ноябрь 2024 жыл 11:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча