Депутат мектептердин жанында таттууларды сатууну көзөмөлдөөгө чакырды

Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сагынаев парламенттин жыйынында азык-түлүк коопсуздугу жана мектептердин айланасында өндүрүшү белгисиз таттуулар менен суусундуктардын сатылышы боюнча маселе көтөрдү.

«Биздин жаш муун ушундай азыктарды колдонуп жатат, ал эми 5-10 жылдан кийин бул алардын ден соолугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Биз бөйрөгү ооруган жана башка дарттарга чалдыккан муунду өстүрбөшүбүз керек. Мындай товарларды сатууга тыюу салуу боюнча иштер жүрүп жатабы, сертификаттары текшерилеби?» — деп суроо салды.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Рыспек Сыдыгалиев мектептердин жана университеттердин 50 метрлик аймагында павильондор менен дүкөндөр турбашы керек деген талап бар экенин айтты.

«Ошого карабастан, айрым соода түйүндөрү ишин улантууда. Ар бир товар боюнча сертификаттардын бар-жогу текшерилет. 2025-жылы өлкө боюнча 14 миң 270 объект текшерилип, тартип бузгандарга чаралар көрүлгөн», — деп белгиледи ал.

30 Январь 2026 жыл 10:02
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча