
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева парламенттин 18-январдагы жыйынында акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага кайрылып, Кыргызстанда журналисттердин укуктары корголушу керек экенин айтты. Ал түшүндүрүү иштерин жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлерине эмес, тескерисинче укук коргоо органдарына жүргүзүү зарыл экенин билдирди.
“Саясатта жүргөн адамдар журналисттердин сын-пикирине чыдашыбыз керек. Кыйын убакта биз журналисттерге жалдырайбыз. Мындай менин да башыман өткөн. 2005-жылдары атамды Бакиевдер аттырып кеткенде ошол эле “Азаттыкка”, 24.kg, Akipress агенттиктерине кайрылып, менин да сөзүмдү берип койгулачы деп сурангам. “Бирок андай кездерди унутуп, азыр журналисттерди куугунтуктаган туура эмес” деп айтылууда”, — деди Элвира Сурабалдиева.