Депутат тыгынды азайтуу ыкмасын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев Бишкектеги унаа тыгынын жоюунун бир ыкмасын сунуштады.

Анын айтымында, окуулар менен жумуштар төмөнкүдөй графикте болушу керек:
окуучулар мектепке саат 8:00гө барсын;
жумуштар саат 9:00дө башталсын;
студенттер окуу жайына саат 10:00гө барсын.

Депутат өз алдынча изилдеп чыгып, ушундай тыянакка келгенин белгиледи. Анын айтымында, бул ыкма тыгынды толук жойбосо да кыйла азайтат.

15 Февраль 2024 жыл 13:00
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча