Депутат Эмил Жамгырчиев өзүнө байланыштуу иш тууралуу Жогорку Кеңештин 17-январда өтчү жыйынында маалымат берет. Бул тууралуу депутат «Азаттыкка» өзү билдирди.
Ал жыйында УКМКга суракка барганга чейин кайда жүргөнүн, эмне үчүн парламенттин имаратынан качып кеткени тууралуу да айтарын кошумчалады.
Өзбекстандын уюшкан кылмыштуу тобунун башчысы Салим Абдувалиевге жазылган кат тууралуу маалыматы жок экенин айтты.
«Болгон маалыматты мен атайын комиссиянын отурумунда айткам. Бул кылмыш иши бир жылдан бери келатат. Мен катты көрө элекмин. Эмне жөнүндө экенин билбейм. Бирок сессияга чыкканда, 17-январда мен да эмне болуп жатканы тууралуу сурайм. Ошол отурумда толук маалымат алсаңар болот», — деди Жамгырчиев.