Депутат Жамгырчиев ЖКнын 2-кабатындагы терезеден секирип качып кеткени айтылды

9-январда Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссия жабык жыйынында “Альянс” фракциясынын мүчөсү Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз бар деп тапты. Бул тууралуу парламенттеги ишенимдүү булактар “Азаттыкка” билдирди.

Эми бул маселе парламенттин жалпы жыйынында каралат.

Ушул эле күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөөчүлөрү депутатка чакыруу кагазын берүүгө аракет кылышкан. Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп, Чүй проспектисин көздөй качып кеткенин ишенимдүү булактар “Азаттыкка” кабарлады.

Депутаттын өзү жана анын жардамчылары менен байланышуу аракетинен майнап чыккан жок.

УКМК азырынча бул тууралуу маалымат бере элек.

Булак: Азаттык.

9 Январь 2024 жыл 21:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча