Депутаттарга кайрадан кызматтык унаа берилиши ыктымал

Парламенттин депутаттарына кызматтык автоунаа берилиши мүмкүн. “Жогорку Кеңештин депутатынын статутусу жөнүндө” тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров 11-мартта кол коюп, ал 14-мартта “Эркин-Тоо” мамлекеттик гезитине жарыяланды.

Документте депутаттарга кызматтык машине берүүнүн тартибин Министрлер кабинети аныктай турганы, ал эми аны колдонуу Жогорку Кеңештин жобосу менен бекилери жазылган. “Депутаттар ыйгарым укуктарын аткарууга менчик автоунаасын да пайдаланса болот” деп белгиленген.

Садыр Жапаров 2021-жылы Жогорку Кеңештин жана президенттин иш башкармалыгын бириктирген. Мамлекет башчынын бул жарлыгы бюджеттин чыгымын азайтуу менен байланыштырылган.

14 Март 2025 жыл 14:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча