Эки кыргыз мушкери бокс боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду

Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөлөрү Монтенегродо өтүп жаткан дүйнө чемпионатында 2 коло медалга ээ болушту.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, 54 кг чейинки салмакта Амантур Жумаев жана 92 кг чейинки салмак категориясында Тыныстан Алыбаев 3-орунду ээлешти.

Курама команда башкы машыктыруучулар Улан Төлөнбай уулу, Рустам Эсенкулов жана машыктыруучулар Бейшенбек Сабатаров, Темирлан Осмонов, Азамат Абдыкеримовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

1 Ноябрь 2024 жыл 15:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча