Эки жүк ташуучу унаа кагышып, айдоочулар жабыркады (видео)

Ленинское айылында эки жүк ташуучу унаа кагышты. Бул тууралуу видео окуянын күбөлөрү кабарлады.

Маалым болгондой, окуя болгон жерде куткаруучулар иштеп, айдоочуну жүк ташуучу унаалардын биринин кабинасынан чыгарышкан.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык саат 13:30дар чамасында Ленинское айылында болгон. Анда «Хово» менен «Камаз» кагышкан. Эки айдоочу тең жаракат алган. Алар ооруканага жаткырылды. Башка жабыркагандар жана каза болгондор жок.

22 Май 2024 жыл 17:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча