Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канатбек Исаев кармалганы белгилүү болду. Бул тууралуу саясатчынын адвокаты Бакыт Осмоналиев “Азаттыкка” билдирди. Анын сөзүнө караганда, Канатбек Исаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери 20-ноябрда кармаган. 22-ноябрда сотто бөгөт чарасы каралат деп күтүлүп жатат.
Ал саясатчы кайсы иш менен кармалганы жана кайсы берене менен айып коюлганы азырынча белгисиз экенин айтты. Атайын кызмат Канатбек Исаевдин иши тууралуу комментарий бере элек.
Канатбек Исаев Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалган саясатчы жана активисттер менен чогуу 2022-жылы 23-октябрда камакка алынган. Райондук сот ал 2017-жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген.