Экс-депутат жана дагы 10 киши башаламандык уюштурууга шектелип кармалды

Кыргызстанда массалык башаламандык уюштурууга шектелгендер кармалды. Арасында экс-депутат бар.

ИИМдин маалыматына караганда, былтыр 20-декабрда «Кырк уруу жети дубан ынтымагы» коомдук бирикмесинин айрым мүчөлөрү нааразы болгон жарандарды чогултуп, массалык башаламандык уюштурууга чакырган жолугушууларды байма-бай өткөрүп турушкан.

Бүгүн алардын жашаган жерлери тинтилип, граната, чолок мылтыктар, тапанча жана ок-дарылар, камуфляж кийимдери, атайын бет каптар, баңгизат, диний адабияттар, унаа номерлери, уюлдук телефондор табылган.

Бул иш боюнча 11 адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. ИИМ жарыялаган видеодо кишилер (сүрөттөгүлөр) массалык башаламандык уюштуруу үчүн пландарын талкуулашууда. Алардын бири муфтийдин ордуна барарын айткан.

24 Февраль 2025 жыл 17:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча