Элдар Сулайманов депутаттык мандатынан ажыратылды

Бүгүн, 17-февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйыны өттү.

Боршайкомдон билдиришкендей, анда Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселеси каралды.

БШКнын чечимине ылайык, депутаттын ыйгарым укуктары анын өзү берген жеке арызынын негизинде токтотулду. Мындан тышкары, Элдар Сулаймановго берилген депутаттык ырастама жараксыз деп таанылды

17 Февраль 2026 жыл 14:42
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча