Эмгек акы күнүнө 1 200 сом. Мэрия контролерлорду жумушка чакырууда

«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» менен «Бишкек троллейбус башкармалыгы» контролёрлорду жумушка чакырат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

«Эмгек акысы күнүнө 1 200 сом жана саткан ар бир «Тулпар» картасы үчүн 10 сом каралган», — деп айтылат маалыматта.

Бардык суроолор боюнча төмөнкү номерлерге кайрылса болот:

«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» — 0312 531789;

«Бишкек троллейбус башкармалыгы» — 0312 65 75 90.

23 Январь 2024 жыл 9:48

Тема боюнча