Эмгек министрлигинин кызматкерлери эми түрк тилин акысыз окуй алышат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине караштуу Түрк тилин үйрөтүү ТӨМЕР TTEÖMER борборунун директору Мустафа Булут менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда министрликтин борбордук аппаратынын жана түзүмдүк башкармалыктардын кызматкерлеринин катушуусунун негизинде, 2024–жыл ичинде түрк тили курстарын окутуу өткөрүү пландаштырылды.

Жолугушуу мамлекеттик кызматкерлердин потенциалын жакшыртуу максатында уюштурулду.

Министрликтин кызматкерлери эркин билим алып, тил үйрөнүп, квалификациясын жогорулата алышат.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги ТӨМЕР TTEÖMER борборуна кызматташтык жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирет.

19 Март 2024 жыл 20:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча