Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын аймактарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку сүйүнчү төлөө тууралуу жарлыкка кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Ал төлөм «Бала Береке» деп аталат. Президент кол койгон жарлыкка ылайык, аталган төлөм калктын демографиялык өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында киргизилүүдө.
Аны бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарында туруктуу жашаган жана көп бала төрөгөн энелер (КР жарандары жана кайрылмандар) ала алат. «Бала Береке» төлөмүн берүүдө райондук коэффициент колдонулбайт жана бала бир жашка чыкканда берилет.
Өкмөт аталган сүйүнчүнү берүүнүн тартибин жана шарттарын иштеп чыгат.
Ал 2026-жылдан тарта бериле баштайт: