
Кыргызстандын жарандары эми ID-паспортун мамлекеттик мекемелерге барбастан онлайн алмаштыра алышат. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин директору Урмат Камбаров билдирди.
«Биз жарандар үчүн ыңгайлуу жана заманбап кызматты ишке киргиздик. “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу арыз тапшырып, фото-идентификациядан өтүп жана мамлекеттик төлөмдү онлайн төлөп, паспортту жаңыртууга болот. 1–3 күндүн ичинде документтер текшерилип, жаран жаңы паспортун өзү тандаган КТБдан ала алат», — деди Камбаров.
Анын айтымында, жаңы кызмат жарандардын убактысын үнөмдөп, узун кезектерден арылтууга жардам берет.
Паспортту онлайн кантип алмаштырса болот?
1️⃣ «Түндүк» тиркемесине кирип, «ID-картаны алмаштыруу» бөлүмүн тандаңыз.
2️⃣ Алмаштыруунун себебин көрсөтүңүз (мисалы, жоготуу, бузулуу, мөөнөтү бүтүү ж.б.).
3️⃣ Фото-идентификациядан өтүңүз.
4️⃣ Паспортту алуу үчүн ыңгайлуу КТБны тандаңыз.
5️⃣ Мамлекеттик төлөмдү онлайн төлөңүз.
Арыз текшерилгенден кийин жаранга билдирүү келип, ал жаңы паспортун ала алат.
«Биз санариптик мамлекеттик кызматтарды өнүктүрүүнү улантып жатабыз. Бул өлкөнүн санариптештирүү жолундагы маанилүү кадам», — деп белгиледи Урмат Камбаров.
Буга чейин «Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн каттоону өзгөртүү кызматы да ишке киргизилген, бул система мындан ары да кеңейе бермекчи.