Эртең “Ак шумкарлар” оюн талаасына ак түстөгү форма менен чыгат 

Бүгүн 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатынын тандоо раундунун алкагында өтө турган Катар – Кыргызстан беттешин утурлай уюштуруу жыйыны өттү.

Кыргыз футбол биримдигинен маалымдашкандай, анда оюнчулардын формаларынын түстөрү аныкталды. Кыргызстандын улуттук курамасы эртең ак түстөгү формада оюн талаасына чыгат. Ал эми Катардын оюнчулары кочкул кызыл түстөгү формада ойнойт.

Белгилей кетсек, 10-октябрда Кыргызстан-Катар беттеши Доханын “Аль-Тумама” стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

9 Октябрь 2024 жыл 16:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча